Эрежелер

Негизги эрежелер:

Конференция жумушчу тилдери

Конференцияда сунула турган докладдар түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде болоору күтүлүүдө. Тезистер макала жазылган тилде (түрк, кыргыз, орус) жана англис тилдеринде берилиши керек.

Маанилүү даталар

Тезистерди жиберүүнүн акыркы күнү

 30-ноябрь, 2021-жыл

Кабыл алынган тезистерди маалымдоо күнү

 5- декабрь, 2021-жыл

Докладдын толук текстин жиберүүнүн акыркы күнү

 10- декабрь, 2021-жыл

Конференциянын программасын жарыялоо

 15-декабрь, 2021-жыл

 

 

Жазуу эрежелери

Доклад тезиси 150-200 сөздөн түзүлүүсү керек.

Автор/авторлор аты-жөнү тартип менен жазылат, аты-жөнү акырында* белгиси менен шилтеме жасоо аркылуу, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, байырлаган шаары (кыштагы), электрондук дареги жазылат.

Баяндаманын тексти Windows, Microsoft Word, шрифт Times New Roman менен жазылып, ариптердин өлчөмү 12пт. менен жазылуусу шарт.

Жээктери: жогорку, астыңкы, сол жагы, оң жагы – 2,5 см. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара;

Шилтеме тексттин тексттин соңунда берилүүсү керек.

Колдонулган адабияттар фамилиясына жараша берилүүгө тийиш (Фамилиясы, Аты, Китептин аты, «макала» болсо тырмакча ичинде, Басмакана аты, жери жылы).

Таблица, графика жана сүрөттөр өзүнчө номерленип, бардыгынын алдында түшүндүрмөлөрү менен берилиши керек.

Макалалардын көлөмү эң аз 8 эн көп 10 беттен ашпоосу керек.

Регламент:бир баяндамага 10 мүнөт берилет.

Докладдар убагында жөнөтүлүшүнө жараша 2021-жылдын ичинде китеп түрүндө жарыялоо максат кылынат. Билдирүүлөрдүн темаларын жана тезистерин жиберүүнүн акыркы мөөнөтү 30-ноябрь 2021-жыл.

Билдирүү темаларын жана аннотацияларын төмөндөгү э-дареке жибериңиздер:

Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Байланыш

Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Веб сайт:

http://kyrgyzdiplomacy.manas.edu.kg